«BIZ e.V» ассоциациясы Майндагы Франкфурт шаарында катталган. «BIZ e.V» билим берүү, демилге көтөрүү жана кызматташуу деп аты айтып тургандай, билим берүүнү жайылтууну, саламаттыкты сактоо тармагындагы демилгелерди колдоону жана Германия менен Кыргызстандын ортосундагы ар кандай тармактарда кызматташууну көздөйт. 

Билим


«Ар бир адам билим алууга укуктуу»
(1948-жылдагы адам укуктарынын жалпы декларациясы, 26-берене) 

Билим алуу укугу бул – эл-аралык деңгээлде кабыл алынган адамзаттын негизги укуктарынын бири. Билим алуу аркылуу адам башка адамдардын укуктарын коргоо жөндөмдүүлүгүнө ээ боло алат. Адамдын акысыз билим алуу укугунун сакталуусу, анын ишке ашуусу жана билимге жетүүдө башкалар менен бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусу – бул ар бир мамлекеттин башкы милдеттеринин бири.

Бирок бул милдетти дүйнөдөгү бардык өлкөлөр ишке ашыра алабы?   Тилекке каршы жок. Мисалы, Борбордук Азиядагы Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө билим берүү кол жеткис кымбат товарга айланган. Билим берүү системасындагы негизги көйгөйлөр мугалимдердин эмгек акысынын төмөндүгү жана ушул себептен улам кеңири жайылган паракорлук. Мындан тышкары, айыл жергесинде мектеп жабдуулары талапка жооп бербейт, окуу куралдары жетишсиз. Союз мезгилинде билим алган мугалимдер пенсияга чыгып, ал эми жаш мугалимдер эмиграцияга туш болгондуктан, билим берүү деңгээли абдан төмөндөп кетти. Ошол эле учурда, билим берүү системасы базарлаштыруу, менчиктештирүү жана элитаризмге дуушар болгон.

Бир жагынан билим берүү системасындагы жетишпегендиктерди жеке окуу жайлары аркылуу жапканга аракет кылса, экинчи жактан бай жана кедейдин ортосундагы ажырымды күчөтүп жатат. Мындай көрүнүш постсоветтик Кыргызстанда жогорку социалдык-экономикалык теңсиздикти жогорку баскычтарга жеткирди. Ушул себептерден улам, биз билим берүү тармагын уюмубуздун негизги темасына айланттык. 

Аны менен биз жакырчылыкка каршы күрөшкүбүз келет. Анткени сапаттуу билим адамдын ар тараптуу өнүгүүсүнө, анын түшүнүгүнүн кеңейүүсүнө жана айлана-чөйрөнү аңдап билүүсүнө өбөлгө түзөт.  Биз билимибизди жана тажрыйбабызды бириктирип, биз билген жана колубуздан келген мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын колдонуп, жогорку аталган билим берүү тармагындагы кыйынчылыктарды жеңүүгө бел байладык. Ошондуктан биз немис-кыргыз билим алмашуусун өркүндөтүүгө, тил программаларын жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле ар кандай жайкы мектептерди жана кыска мөөнөттүү курстарды ачууга багытталган ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылып жатабыз.  

Демилге 


«Азыр болбосо, качан? Биз болбосок, ким?»
(Джон Кеннеди) 

BIZ абревиатурасы кыргызча «биз» сөзүнө окшош. BIZ ассоциациясы демилгелүү, алтруисттик, тилектештик жана жалпы «биз» деген түшүнүк менен иш алып барган адамдарды камтыйт. Биз өзүбүздү Германиянын дагы, Кыргызстандын дагы коомунун мүчөсүбүз деп эсептейбиз. Биздин демилге – бул жакшы ишти жасоого жана түзүүгө түрткү болуу, дем берүү болуп саналат. Чет өлкөлөрдө өз мекенибиздин өнүгүшү үчүн жумшап жаткан күчүбүздү ар түрлүү демилгелер менен бириктиргибиз келет. Ошол эле учурда өлкөбүзгө жана элибизге пайда алып келген жана биздин максаттарга дал келген бардык демилгелерге ачыкпыз.

Пандемия 2020-жылдын март айында Кыргызстанды каптаганда, биз өзүбүзгө Джон Кеннединин  суроосун бердик: «Азыр болбосо, качан? Биз болбосок, ким?» Себеби коронавирустун кесепети өлкөбүзгө өзгөчө катуу тийди. Бардык аймактарда эң керектүү дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жетишсиз болду. Биз дароо эле ушул пандемияга каршы күрөшүүгө салым кошуу демилгесин көтөрүп, «COVID-19 кризиси учурунда Кыргызстандагы медициналык системаны колдоо» долбоорун ишке киргиздик. Кайрылуу жарыя болоору менен демилге көп адамдар тарабынан дароо колдоңо алынды. Биз бир айдын ичинде 9876,53 евро чогултуп, бул каражатка жууркан, кийим-кече, дары-дармектерден баштап, кычкылтек концентраттары, пульстук оксиметрлер сыяктуу бардык керектүү шаймандарды алып, тез арада Кыргызстанга жөнөттүк. Ал жерде биздин өнөктөшүбүз «Элим Барсыңбы?» кайрымдуулук уюмунун мүчөлөрү жабдууларды Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көлдүн ооруканаларына жеткирип беришти (отчет / галерея).

Бүгүн биз көйгөйлүү кырдаалга ыкчам жооп кайтарганыбызды сыймыктануу менен айта алабыз. Кайрымдуулук каражаттарын болушунча натыйжалуу пайдаланып, Кыргызстандагы кризистик кырдаалды ийгиликтүү башкарууга салым кошуу үчүн колубуздан келгенин жасадык.

Кызматташтык


«Күч бирдикте» 

Кыргыз эл макалында: «Күч бирдикте» деп айтылат. Анткени биргеликте иш кылуу чыгармачылык менен күчтү өтө жогорку деңгээлде өнүктүрөт; ал жөнөкөй кесиптен алда канча ашып түшөт.  Натыйжалуу топтук иш – бул жогорку деңгээлдеги кызматташтык. Биздин бирикменин курамына ар кандай тармактардагы жогорку билимдүү кыргыз жана немис адистер. Ошентип, бул уюм ар кандай профилдеги жана кесиптеги адамдарды бириктирип, кызматташуунун жаңы чектерин ачат. Команданын ар бир мүчөсү топтун ийгилигине чоң салым кошо алат.    Фонддун мүчөлөрү айына бир жолу Хессен аймагында чогулуп, долбоорлордун жүрүшүн талкуулап жана келечектеги иш-аракеттерди аныктап турушат. Долбоорлордун туруктуу өзгөрүүлөрдү алып келүүсү жана кайрымдуулук каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылуусу биз үчүн өтө маанилүү. 

Уюмдун бардык мүчөлөрү долбоордук иштерге активдүү катышууга жана белгилүү бир мөөнөткө чейин кыска мөөнөттүү чакан иш-аракеттерди өз алдынча жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк алышат. Адатта, алар төмөнкү максаттарды камтышы керек:

– кызматташууну өнүктүрүүгө жол ачуу
– айлана-чөйрөнү коргоого көмөктөшүү
– коомдун ден соолугуна жана саламаттыкты сактоого кам көрүү
– искусствону, маданиятты, спортту жана илимий изилдөө иштерин жайылтуу
– эл аралык мамилелердин чыңдалышына жана маданий алмашууга көмөктөшүү

Эгер сиз чогуу иштөөгө кызыкдар болсоңуз, анда ар кандай мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, мүчөлүк акы берүү мүмкүнчүлүгү, бир жолку кайрымдуулук, белгилүү бир долбоор үчүн демөөрчүлүк жардам, кыска мөөнөттүү долбоорду өз алдынча жүзөгө ашыруу (мисалы, жайкы мектеп, IT жана тил курстары) же ушул долбоорлордун бирине спонсорлук кылуу.

Vorstand 


1. Vorstandsvorsitzenden: Asel Sairaan-Damir Medizinstudium an der Justus-Liebig-Universität Gießen Ärztin
2. Vorstandsvorsitzenden: Daniar Matikan Studium an der Universität Kairo Master of Public Policy from Willy Brandt School of Public Policy, Erfurt. Head of Risk Management Office, GIZ Yemen
1. Stellvertretender Vorsitzende: Nurgazy Sulaimanov Promotion an der Universität Heidelberg Mathematiker-Informatiker, Data Scientist
2. Stellvertretender Vorsitzende: Uran Kamchybekov Studium an der Kirgisischen Staatlichen Akademie für Humanmedizin Arzt
Ehrenvorsitzende: Dr. Mahabat Sadyrbek Sprach-, Politik- und Rechtswissenschaften, Promotion in Rechtsanthropologie Rechtswissenschaftlerin
Kassenwärte: Aykanysh Atakanova
Aiperi Abdybek kyzy
Schriftenführerin: Aiperi Otunchieva

Unsere Partner 


Deutsch-kirgisischer Kulturverein e.V.  

Botschaft der KR in BRD 

Förderverein Hoffnung für Kirgisien e.V.  

Brücke zu Kirgistan 

Novastan – Deutsch-Französisches Nachrichtenportal  

Uplift – Aufwind e.V 

Kyrgyz Academic Network e. V.  

Элим Барсыңбы? 

Mitgliedschaft 


Die Mitgliedschaft im Verein steht sowohl physischen als auch juristischen Personen offen, die die Ziele des Vereins unterstützen möchten. Der Mitgliedsbeitrag wird jährlich erhoben und beläuft sich auf € 50 pro Jahr. Je nach finanzieller Möglichkeit kann der Betrag höher gesetzt werden und ist an folgende Bankverbindung zu überweisen: 

Bank: Volksbank  

Kontoinhaber: BIZ e.V.
IBAN: DE45 5139 0000 0072 5507 06
BIC: VBMHDE5F

Wer Interesse an der Mitgliedschaft hat, kann sich direkt an folgende Adresse wenden: biz.hessen@gmail.com oder über unser Kontaktformular an uns schreiben. Außerdem kann man auch unser Mitgliedsformular herunterladen und es ausgefüllt an uns schicken. Der Mitgliedsbeitrag kann, wie auch sonstige Spenden an den Verein, steuerlich abgesetzt werden. Die Finanzämter erkennen in der Regel den Überweisungsauftrag als steuerlichen Nachweis an, auf Wunsch wird eine Quittung gern auf Anfrage versandt. 

Um unseren Initiativen und Aufgaben gerecht zu werden, freuen wir uns über jede Art von Zuwendung. Bitte machen Sie mit und werden Sie selbst Sponsor!