«BIZ e.V» фонду руханий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жалпы кызыкчылыктардын жана максаттардын негизинде түзүлгөн ыктыярдуу коомдук бирикме. Ал Германиянын Майндагы Франкфурт шаарында каттоодон өткөн. «BIZ e.V» билим берүү, демилге көтөрүү жана кызматташуу деп аты айтып тургандай билим берүүнү жакшыртууну, саламаттыкты сактоо тармагындагы демилгелерди колдоону жана Германия менен Кыргызстандын ортосундагы ар кандай тармактардагы кызматташууга көмөк көрсөтүүнү максат кылат.
Уюм тууралуу жалпы маалыматтар бул буклетте, ал эми уюмдун максаттары бул уставда камтылган.