Баткен үчүн жардам

Башталышы: 16.09.2022
Соңу: 15.10.2022
Долбоордун жетекчилери: Калыгул Жунушбеков, Азамат Токтакунов, Махабат Садырбек
Долбоор ишке ашчу жер: Кыргызстан-Баткен
Долбоор тууралуу: 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан кандуу кагылышуу болуп өттү. Үйлөр, мектептер жана дүкөндөр өрттөлүп, жүздөгөн адамдар жаракат алып, миңдеген айыл тургундары үйлөрүн таштап, башка жерде баш калкалоого мажбур болушту. БИЗ уюму өнөктөш уюмдар жана Германиядагы/Европадагы активисттер менен биргеликте өзгөчө кырдаалда куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан Баткендин тургундарына финансылык жактан көмөк көрсөтүүнү чечти. Германиядагы мекендештер тарабынан бир нече жуманын ичинде БИЗ уюмунун банктык эсеби жана Paypal аркылуу жалпысынан 7000 Еврого жакын акча чогулуп, ал каражат Кыргызстандагы «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду аркылуу жашаган жерлеринен эвакуация болгон адамдардын муктаждыктарына (баш-паанекке, күйүүчү майга, дары-дармекке жана кийим-кечеге) жумшалды. Андан тышкары эл-аралык медианын көңүлүн тартуу максатында Германиянын чоң-чоң шаарларында кыргыз диаспорасы тынчтык митиңгдерин уюштурду.

«Чырак» долбоорууна колдоо

Башталышы: 01.01.2022
Долбоордун жетекчилери: Др. Махабат Садырбек, Асел Сайраан-Дамир, Азамат Токтакунов
Долбоор ишке ашчу жер: Кыргызстан
Долбоор тууралуу:
БИЗ уюму Кыргызстандагы «Чырак» долбоорууна көмөк көрсөтүүнү максат кылат. Бул  долбоор кыз-келиндерге санариптик билим берүү үчүн дүйнөнүн чар тарабындагы кыргызстандык IT-адистери тарабынан иштелип чыккан. Биздин уюм бул долбоор үчүн декабрь айында баштапкы каражатты чогултуудагы IT Classica аттуу кайрымдуулук концертине көмөк көрсөткөн: Швейцариядан БИЗ уюмунун өнөктөшү«Кыргызстанга көпүрө» менен биргеликте чогулган каражатка Орловкадагы балдар үйүнүн 22 тургунун, Петровскийдеги психоневрологиялык санаторийдин 15 бейтабын жана 5тей тарбиячыны автобус менен концертке алып келип, кайра жеткирүү мүмкүнчүлүгүн түзүшкөн.
Чырак долбоорундагы окуу курсу 3 айдан 5 айга созулат жана катышуучуларга информатиканын негизгин, программалоонун жана код жазуунун башкы тилдерин үйрөтүүнү максат кылат. Миңдеген жаштарга үлгү болгон, кыргыздын белгилүү айтишниктери бул курска ментор катары кызмат кылышат. Бул долбоорго 3000 ден 5000ге чейин кыз-келиндер катыша алат. Алар ар кандай жашоо шартында жашагандыктан, мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары чектелүү болгондуктан, аларга материалдык жардам керек. Ошондуктан урматтуу чет жерлерде, айрыкча Европа өлкөлөрүндө жашап жана иштеп жүргөн жердештер, силер бул жердеги техникалык жабдуулардын стандартын, аларды белгилүү бир мөөнөттө жаңылануусун жана алардын таштандыга кеткендеги чыгашасы тууралуу кабардарсыңар. Эгерде өзүңөр эмгектенген институттарда, мекемелерде жана компанияларда колдонулган нотбуктарды алуу мүмкүнчүлүгүн байкасаңар жана аларга кайрылуу жасагыңар келсе, биз силерге көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Силерден өтүнүч: кыргызстандагы жердештерибиз жана алардын келечеги үчүн ушундай учурлардан пайдаланып, болгон аракетибизди жумшасак. Бир кезде «Бир адамдан бир дивайс» деп башталган демилгени эми «Чырак» билим берүү программасы үчүн улантсак жана бул долбоорго ар тараптан көмөк көрсөтсөк. Долбоордун жетекчилери тиешелүү расмий кагаз-документтерди берүүгө даяр. Биз жиберген ноутбуктар менен миңдеген жердештер билим алып, долбоорлорду аткарып, өздөрүнө жаңы ноутбук сатып алып, артканын кийинкилерге бергенге макул. Эгерде бул долбоорду каражат менен колдогуңар келсе, анда аны „BIZ e.V.“ уюмунун PayPalдогу жана банктагы эсеп дареги аркылуу ишке ашырсаңар болот. Биз уюмдун атынан дагы кайрылууларды жасайбыз, силердин каражат биз тапкан нотбуктарды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн сарпталат. Биз силердин колдооңорго, тилектештигиңерге жана билим алдында биригип, билим менен өнүгүү максатыңарга терең ишенебиз.

Баткен үчүн жардам

Башталышы: 30.04.2021
Соңу: 30.06.2021
Долбоордун жетекчилери: Азамат Токтакунов, Махабат Садырбек, Баатыр Алымкулов
Долбоор ишке ашчу жер: Кыргызстан-Баткен
Долбоор тууралуу: 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек арасында кандуу кагылышуу болуп өттү. Үйлөр, мектептер жана дүкөндөр өрттөлүп, жүздөгөн адамдар жаракат алып, миңдеген айыл тургундары үйлөрүн таштап, башка жерде баш калкалоого мажбур болушту. БИЗ уюму өзгөчө кырдаалга карата бир нече пунктан турган жардам акцияларын уюштурду: 1) Жардамга муктаж адамдар үчүн каражат топтолду. 2) Психологиялык жактан жабыр тарткандар үчүн атайын жардам-сайты түзүлдү. 3) Эл-аралык медианын көңүлүн тартуу максатында Германиянын чоң-чоң шаарларында кыргыз диаспорасы тынчтык митиңгдерин уюштурду. Буга Америка, Италия, Орусия жана Түркиеден жердештер кошулушту. 4) Дүйнөнүн ар кайсыл жеринде эмгектенген активисттердин атайын видео кайрылуусу жаратылды. Германиядагы мекендештер тарабынан бир айдын ичинде БИЗ уюмунун банктык эсеби жана Paypal аркылуу жалпысынан 12000 (он эки миң) Евро (18.05.2021 боюнча) чогулуп, анын 5000 (беш миң) Евро БИЗ уюму Кыргызстандагы өнөктөш «Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фондуна 2021-жылдын 18-майында которгон. Бул акча Баткендеги жабыр тарткандардын ар кандай муктаждыктарына жана жайкы мектепке пайдаланылган. Андан тышкары БИЗ уюму Баткендик мектеп окуучулары үчүн UDEMI курсун сатып берген.
Абал тынчып калгандан кийин БИЗ уюму «Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фонду жана Кореядагы мекендештер менен биргеликте Лейлек жана Баткен районундагы 9 мектепке жабдуулар менен жардам берүү чечимин кабыл алган. Ал мектептерге төмөнкүлөр кирет: 1) Арка айылындагы Арка мектеби, 2) Достук айылындагы Достук орто мектеби, 3) Жаштык айылындагы №3-Гимназия, 4) Максат айылындагы Максат орто мектеби, 5) Кулунду айылындагы №2-Гимназиясы, 6) Кулунду айылындагы T. Жолдошев орто мектеби, 7) Орто Боз айылындагы Орто Боз мектеби, 8) Ак-Сай айылындагы Ак-Сай мектеби жана 9) Кара-Бак айылындагы Суу Бою Кара-Бак мектеби. Бул максатта БИЗ уюму 4-июлда ошол эле «Элим, барсыңбы?» фондуна 3000 (үч миң) Евро которгон. Бул каражатка БИЗ уюмунун мүчөсү Баатыр Алымкулов өзү барып, Бишкектен Баткендин мектептерине керектүү оокаттардын айрымдарын (бир нече принтер жана 700 даана окуу китептери) сатып алып, мектептерге жеткирип берген. Ал эми калган 20 класстык компьютер, 20 проектор жана 20 акылдуу доска 4000 (төрт миң) Евронун тегерегинде Германияда сатылып алынып, улам Кыргызстанга каттаган жердештерден берилип отуруп, тиешелүү жерлерге жеткирилген. Бул боюнча тартылган атайын видеону көрүңүздөр.

Пандемияга каршы күрөш үчүн колдоо

Долбоордун мөөнөтү: 15.07.2020-15.09.2020
Долбоордун жетекчилери: Асел Сайраан-Дамир, Азамат Дамир, Уран Камчыбеков
Долбоор ишке ашкан жер: Кыргызстан
Долбоор тууралуу: Ковид-19 дун биринчи толкуну Кыргызстанга жеткенде, БИЗ уюму жардам акциясын ишке киргизди. Көптөгөн жердештер бир айдын ичинде 9.876,53 евро топтошту. Бул акчага биздин уюм дем-алдыруучу жабдыктарды, ооруканаларга керектүү шаймандарды, төшөнчү-жууркандарды жана дары-дармектерди алды. Алынган оокаттар тезинен Кыргызстанга жиберилди. Аларды БИЗ уюмунун Кыргызстандагы өнөктөшү «Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фонду Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Ысык-Көлдүн борбордук ооруканаларына жеткирип берди. Дагы чогулган 1.721,32 еврого Бишкек калаасындагы ооруканаларга 3 кардиографиялык, 3 дем алдыруучу аппарат жана тез жардамга зарыл жабдыктар, андан тышкары компьютер, принтер сыяктуу дагы керектүү буюмдар алып берилди. Чогулган каражат жана берилген жардамдар тууралуу биз Facebook баракчабызда деталдуу түрдө баяндап бердик. Дагы маалыматтар төмөнкү 1-видеодо, 2-видеодо жана 3-видеодо камтылган.