Эмне үчүн уюм түзүүгө туура келди?
«2016-жылынын август айында Москва шаарындагы басмаканада өрт чыгып, 17 адам, алардын ичинде кыргызстандык 14 мигрант кыз-келиндер курман болду. Бул трагедия Орусиядагы эмгек кылган Орто-Азиялык анын ичинде Кыргызстандык мигранттардын жашоосунан бизди кабардар кылды. Анын үстүнө эмгек миграцияга мажбур болгондор жана ал учурда кырсыктарга, жагымсыз жагдайлар менен көйгөйлөргө туш болгон кыз-келиндер көбүнчө убагында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албай калгандар экени баарыбызга белгилүү. Мен бул окуяны жүрөгүмө абдан жакын алып, бир топ күн кайгырып, ойлонуп жүрдүм. Акыры бир нече санаалаштарым менен жолугушуп, алар менен чогуу уюм түзүүгө бел байладык. Анын алкагында Кыргызстандагы илим менен билимди көтөрүүнү, айрыкча кыз-келиндердин билим алышына салым кошууну, аны менен бирге алардын жашоосун башка нукка бурууга аз да болсо таасир берүүнү максат катары койдук. Анткени билим адамдын аң-сезимин кеңейтет, жөндөмдөрүн өнүктүрөт жана каражат табуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат.
Бүгүнкү күндө «Билим-Демилге-Кызматташтык» уюму 2019-жылы түзүлгөндөн бери көптөгөн мүчөлөргө ээ болду, ар түрдүү кайрымдуулук долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырды, бир нече билим берүү программаларын түзүп баштады жана дүйнөнүн ар кайсыл тарабынан көтөрүлгөн жаңы демилгелерге колдоо көрсөтүүдө».