23.10.2022 │Tилек Токтогазиев менен жолугушуу
БИЗдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын мурунку айыл чарба министри, жарандык активист жана жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин Франкфурттагы мекендештер менен «Кыргыз Rеспубликасынын агрардык доктринасы» темасында лекциясы болуп өттү. Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жолдору, киреше алып келүүчү потенциалдуу тармактары жана айыл чарбасы өнүккөн өлкөлөрдөн мисалдар келтирилди. Катышуучулар пайдалуу жаңы маалыматтарды жана кызыккан суроолоруна жооп алышты. БИЗдин уюмдун жана Германиядагы мекендештердин атынан Тилек мырзанын ишине ийгиликтерди жана саясий жолуна ак жол тилейбиз!

25.09.2022 │Эл аралык аялдар форуму
Э- аралык аялдар форуму Франкфурт шаарындагы ар кандай уюмдардын демилгелери аркылуу уюштурулду. Форумдун өзөгүн үч панелдик талкуу түзүп, базар, музыка жана ар кайсыл улуттун тамактары менен коштолду. Заалбау имаратында атайын катышуучулар үчүн 200-300 орундук даярдалып, базар үчүн атайын стенд жана тамак-аш бөлүмү дагы коюлган. Уюмдардын жетекчилери жана саясий лидер айымдар катышкан бул форум тууралуу Асел Сайраан-Дамир кеңири баяндама жазган.

27.08.2022 Au-Pair жылдык жолугушуу
БИЗ уюмунун алкагында Au-Pair Мentoring долбоору 2022-жылдын январь айынан тарта иш алып барып келет. Буга чейинки жолгушуулар онлайн форматта өтсө, 27-августта Франкфурт шаарында Au-Pair кыздар менен офлайн жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты кыздар менен жүз көрүшүп, алар менен баарлашуу жана маалыматтар менен бөлүшүү, Германияда калуудагы максаттарына жол жана көмөк көрсөтүү болду. Жолугушууда кыздар долбоор жетекчилери менен биргеликте музей жана шаар кыдырышты, жатакана жана тамак-аш менен камсыз болушту, кечинде концерт көрүштү. Келген Au-Pair конок кыздарыбыз абдан ыраазычылыктарын билдирип, эн сонун, пайдалуу жолугушуу болгонун айтып кетишти.

27.08.2022 Ибараттын Европага саякаты
«Урматтуу мекендештер жана салттуу музыканын сүйүүчүлөрү!
Музыканттардын кыялы – дүйнө таануу жана өнөрүн башка элдерге тартуулоо. Адамдар музыкабызга суктанса, биз ошондон рахат алабыз. БИЗ уюмунун жетекчиси Асел Сайраан айымдын демилгеси менен этно-фольклордук «Ибарат» ансамбли Европанын шаарларына эки жумалык саякат жасап, көптөн берки кыялын ишке ашырды. Бизге Берлин, Карлов Вары, Прага, Франкфурт, Гановер жана Париж шаарларында концерт берүүгө ар кандай уюмдар жана активист ага-эжелер жардам беришти. Сегиз шаардын эң кооз жерлеринде ойногон «Маш Ботой» менен «Эргиме» флешмоб тасмасы социалдык баракчаларда болуп көрбөгөндөй колдоого арзыды. Биз мекендештердин ата-журтка болгон сагынычын тараттык жана алардын фольклорго кызыгуусун жараттык. Саякатыбыздын артында туруп берген улуу инсандарга терең ыраазычылык билдиребиз» («Ибарат» ансамблинин жетекчиси Толгонай Осмонова).

30.07.2022 Майндагы кеме менен экскурсия
BIZ уюму биринчи жолу Майндагы Франкурт шаарынын Комуналдык чет-өлкөлүктөрдүн өкүлчүлүгүнүн (Kommunaler Ausländer- und Ausländerinnenvertretung (KAV) Frankfurt am Main) жыл сайын өтүүчү кемедеги саякатка катышты. Алтынчы жолу Майн дарыясында уюштурулган бул иш-чарага 60 өлкөдөн 400 дөй адам катышып, уюмдар ортосунда нетворкиң жүрдү. Андан тышкары катышуучулар менен жергиликтүү полиция кызматы, керектөө борбору, чоңдорго билим берүү менен Галлус кварталынын үй-бүлөө борбору баарлашып, пикир жана маалымат алмашты.

28.07.2022 Айымдардын футболдук турнири
Газбүбү Бабаярова – Чехиянын Прага шаарында жашаган көрүнүктүү активисттердин бири. Ал көптөгөн жылдардан бери өзүнүн туулуп-өскөн Баткендеги Көк-Таш айылына ар кандай таризде жардам берип келет. Ал жыл сайын үй-бүлөөсү менен кичи мекенине каттаган сайын айылындагы мектеп жана бала-бакча үчүн финансылык жана материалдык жардамдарды чогулта кетет. Андан тышкары аялдардын ортосунда футбол турнирин уюштурат. БИЗ уюму 2022-жылдын июнь айында Газбүбүнүн демилгелерин колдоо максатында 200 евро жана журналистер үчүн техникалык жардамдарды алып берди.

12-14.07.2022 «Чөйрө» форумуна колдоо
BIZ уюму үстүбүздөгү жылдын 12-июлунан 14-июлуна чейин Швейцариянын Люцерн шаарында кыргызстандык активисттердин эл аралык «Чөйрө» форумуна 500 Евро менен демөөрчүлүк кылды. Аталган суммадагы каражат форумдун катышуучуларына тартууланчы калемсап жана дептерчелерди даярдоо үчүн жумшалды. Уюмдун төрайымы Асел Сайраан-Дамир БИЗ тууралуу дагы панелдик талкууда сөз сүйлөдү.

23.06.2022 │БИЗ уюму эл аралык жайкы фестивалда
BIZ уюмунун мүчөлөрү бул жылы дагы Бад Наухайм шаарында болуп өткөн 39-эл аралык фестивальга катышты. Аталган иш-чарага Орто Азиянын тамактарынан манты, самсы жана плов жасалып, ыр-бий жана комузда ойноо сыяктуу көңүл ачуу программасы даярдалды.  Тамак сатуудан түшкөн каражат 1800 Еврону түздү. Бул акча БИЗ уюмунун Ош шаарында ачыла турган «Кыздар жана айымдар үчүн окутуу борборуна» жумшалат. Кененирээк маалымат долбоорлор бөлүмүндө жакын арада жарыяланат. Ал эми майрам тууралуу жергиликтүү гезиттин баянын окуңуздар.

22.06.2022 │Панелдик талкуу
BIZ уюмунун төрайымы Асел Сайраан-Дамирдин демилгеси менен Франкфурт шаарында «Орто кесиптеги жана иштеги жаш мигранттардын потенциалын жакшыраак колдонуу» деген темада подиум талкуу өттү. Бул жолугушууга шаардык кеңештин мүчөлөрү, жергиликтүү мекемелер менен интеграция боюнча борбордун жана Франкфурт шаарындагы кыргыз консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери, алар менен бирге бир катар уюмдун жетекчилери катышты. Кененирээк маалымат үчүн БИЗ уюмунун мүчөсү Эрхард Брун мырзанын баяндамасын окуңуздар.

11.06.2022 Акыйкатчы менен маек
BIZ уюмунун «Кутман конок» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын омбусмени Атыр Абдрахматова менен жолугушуу болду. Атыр Абдрахматова кесиби боюнча юрист, бир нече жыл Башкы шайлоо комиссиясынын мүчөсү жана Кыргыз мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетинде окутуучу болуп иштеген. Ал Кыргызстандын эгемендик тарыхында аялдардан шайланган алгачкы акыйкатчы. Учурда омбудмен институтун рефармалоого жана аны жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күчүн жумшоодо.

11.06.2022 Туруктуу үй-бүлө куруу
BIZ уюмунун «Кутман конок» долбоорунда кайрадан Ысык-Көлдөгү SOS балдар үйүнүн жетекчиси, үй-бүлөөлүк коуч Нурбек Богачиев менен туруктуу үй-бүлөө куруунун сырлары тууралуу маек болду. Нурбек жергиликтүү үй-бүлөөдөгү маселелерге токтолуу менен кантип жубайлар конфликтерди тынчтык жолу менен чече алышат жана ата-эне менен балдардын ортосунда кандай коммуникация болуу керек тууралуу айтып берди. Ар кайсыл өлкөдөн катышкан жердештер менен баяндамачынын ортосунда абдан кызуу талкуу орун алды.

21.05.2022 Орто кесиптик билим алуу тууралуу
BIZ уюмунун активдүү мүчөлөрү Касиет Асекова менен Жибек Акпаева Германиядагы орто кесиптик билим берүү тууралуу маалымат кечесин өткөрүштү. Аусбилдуң жасоо азыркы учурда бир топ тармактарда мүмкүн жана жылдан жылга орундар да, аны менен кошо кызыккан улан-кыздар дагы көбөйүүдө.  Жолугушууну биздин You-Tube каналыбыздан көрүп алыңыздар.

21.05.2022 Ийгиликтүү ишке кирүү
BIZ уюмунун жигердүү мүчөсү жана Германиядагы көрүнүктүү активисттеринин бири Калыгул Жунушбеков өзүнүн басып өткөн жолунун мисалында, Германияда кантип жогорку окуу жайды ийгиликтүү бүтүрү, кантип жумушка орношуп, кантип жумушта ийгиликтүү интеграция болуп кетүү тууралуу баяндап берди. Вебинардын аягында суроо-жоопторго убакыт берилди. Кененирээк БИЗдин You-Tube каналынан көрө аласыздар.

24.05.2022 „Au-Pair“ программасы тууралуу
BIZ уюмунун жигердүү мүчөлөрү Айканыш Рыскулова менен Мээрим Кадырбекова жайкы каникулда Кыргызстанга барышып, Ош шаарында Германиядагы Ау-Пэр программасы жана андан кийин мүмкүнчүлүктөр тууралуу жаш студенттерге баяндама берип, алардын суроолоруна жооп беришти. БИЗ уюмунун атынан уюштурулган иш-чаранын максаты Ау-Пэр программасынын реалдуу маселелери жана өйдө-төмөндөрү тууралуу түшүндүрмө берүү менен келечектеги Ау-Пэрлерге психологиялык даярдык үчүн көмөк көрсөтүү болду.

19.05.2022 «Айти стипендиясына» конкурс
BIZ уюмунун алкагында Германияда Ау-Пэр жана FSJ программасы менен келген улан-кыздардын арасында «Айти стипендия» деген конкурс жарыяланды. 3 тандалуу баскычынан турган бул жарышка 60 тай адам катышып, алардын 80 пайызын кыздар түздү. Тандалган 20дай киши эссе жазып, алардын бешөө долбоордун жетекчилери менен болгон маекке чакырылды. Жыйынтыгында Франкфуртта FSJ кылган Нуржамал Абдылдаева деген жердешибиз жеңишке ээ болду. Нуржамал эми БИЗ уюмунун стипендиаты катары АКШдагы IT-адиси Сейитбек Усмановдун Германиядагы мекендештерге арналган 4-5 айлык Salesforce мектебинде бекер окуй алат.

14.05.2022 «Чөйрө» окутуу платформасы
BIZ уюмунун алкагында бул жолу «Кутман конок» долбоорунда програмчы, подкастер, блоггер, активист, контентчи, көптөгөн социалдык долбоорлордун негиздөөчүсү жана аткаруучусу Азамат Токтакунов мейман болду. Ал вебинардын катышуучуларын кечээ жакында түзгөн «Чөйрө» платформасы менен тааныштырды. Андан тышкары июль айында Щвейцарияда боло турчу «Чөйрө 2022» форуму тууралуу кабар берди.

07.05.2022 Salesforce-курстары тууралуу
BIZ уюмунун алкагында бул жолу «Кутман конок» долбоорунда Америкадагы Salesforce боюнча адис жана окутуучу Сейитбек Усманов болду. Ал өзү иштеген тармакты кененирээк айтып берип, келечекте жогорку суроо-талапка жараша Европада, айрыкча Германияда жашаган жердештерге 6-айлык курс берүү ниетин билдирди. Курсту бүткөндөргө жумуш табуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. БИЗ уюму бул жолугушуудан кийин «Айти стипендия» конкурсун өткөрдү.

30.04.2022 Эмоционалдык интеллект
BIZ уюмунун алкагында «Кутман конок» долбоорунун мейманы, Ысык-Көлдөгү SOS балдар үйүнүн жетекчиси, үй-бүлөөлүк коуч Нурбек Богачиев менен психология жаатындагы бардык маалымат булактарында популярдуу болуп жаткан «Эмоционалдык интеллект» жөнүндө маек болду. 15 адамдын катышуусу менен абдан кызыктуу суроолор берилди, абдан кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүлдү. Оригиналдуу суроолорго чакан белектер тартууланды.

18.04.2022 II Айымдар форуму
BIZ уюмунун алкагында Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Отунбаева Роза Исаковнанын катышуусу менен «II Айымдар форуму» болду. Форумду уюштурууда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы ыйгарымдуу элчиси Текебаев Өмүрбек Чиркешович чоң колдоо көрсөттү. Терең баарлашуу жана айрым темаларды талкуулоо максатында жолугушуу чакан чөйрөдө уюумдардын жана долбоорлордун жетекчи айымдарынын катышуусу менен өттү.

17.04.2022 FSJ und BFD nach dem Au-Pair
BIZ уюмунун ментордук командасы акыркы учурда Au-Pair программасынын катышуучуларынын арасында ыктыярчы болуп иштегенге аябай кызыккандар көп болгондуктан «Ау-Пэерден кийинки программалар» деген вебинар уюштурду. Анда Айканыш Рыскулова жана Мээрим Кадырбекова вебинардын катышуучуларын Bundesfreiwilligedinst (BFD) жана Freiwilliges Soziales Jahr (FSJ) программалары менен тааныштырып, катышуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти. Айканыш Рыскулова жазган макаланы дагы окуңуздар.

16.04.2022 Иш издөө жана жумуш орунга ат салышуу
BIZ уюмунун ментордук командасы ар кандай суроо талаптардын негизинде «Жумуш издөө жана жумуш орунга ат салышуу» деген вебинар уюштурду. Вебинардын коногу Акак Сыргак Германиянын Дортмунд шаарында Аdesso SE компаниясында программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча инженер катары эмгектенет. Бул жолугушууда ал айти тармагында иш издөө жана жумушка орношуу тууралуу айтып берди жана кеп-кеңештер менен бөлүштү.

26.03.2022 Немисче кантип үйрөнөм?
BIZ уюмунун ментордук командасы ар кандай суроо талаптардын негизинде «Немис тилин үйрөнүү үчүн тил курстары жана лайфхактар» деген темада семинар өткөрдү. Касиет Асекова менен Жибек Акпаева немис тилин эффективдүү үйрөнүүнүн ыкмалары тууралуу баарлашты жана ар түрлүү маалыматтар, шилтемер менен бөлүштү. Гүлназ Эркинбек кызы болсо бизге банк эсептери тууралуу кененирээк айтып берди.

19.03.2022 Футбол жана Нооруз майрамы
BIZ уюму быйылкы Нооруз майрамына карата Франкфурт на Майне шаарында Көчмө кубок үчүн футболдук турнир жана салтанат кечесин өткөрдү. Күндүз футбол талаасында 20 дан ашык тайпа турнирге катышып, абдан кызыктуу оюн өткөрүштү. Кечинде Кыргызстандын эстрада жылдыздарынын жана алып баруучунун коштоосунда банкет болуп өттү. Футболдук турнирге Германиядан тышкары Чехия, Польша, Литва, Даниядан кыргыз кыз-жигиттер келишти. Ырчыларды чакыруу жана аларды ар кайсыл шаарларда тосуу төрт уюм тарабынан биргеликте уюштурулду.

12.03.2022 Ийгиликтүү ишке кирүү
BIZ уюмунун менторлук командасы Германиядагы жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктаган студенттер жана кесиптик билим алгандар үчүн «Ийгиликтүү ишке кирүү» деген вебинар уюштурду. Анда инженер-материаловед Канат Ишенбек менен банк кызматкери Мумтозбек Музаффаров өзүлөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Вебинарда жаңы ишке кире турган жана кирген адамдар менен суроо-жооптор жана кеп-кеңештер алмашылды.

19.02.2022 Үйрөнүүнү үйрөнүү
BIZ уюмунун менторлук командасы Германиядагы студенттер жана кесиптик билим алгандар үчүн «Үйрөнүүнү үйрөнүү» деген вебинар уюштурду. Анда дарыгер-диабетолог Асел Сайраан-Дамир жана фармацефт студенти Нуриза Надырбек медициналык тармактагы окуу тууралуу өзүлөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Вебинарда тиешелүү тармакта окуган жана иштеген адамдар менен суроо-жооптор жана кеп-кеңештер алмашылды.

12.02.2022 «Чырак» долбоору тууралуу маек, 12.02.2022
BIZ уюму «Чырак» долбоорунун демөөрчүлөрү менен маек курду. Аталган долбоордун максаты – кыз-келиндерге, айымдарга жана апаларга санариптик билим берүү аркылуу алардын экономикалык жана чыгармачылык потенциалын кеңейтүү. Бул долбоор дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндө эмгектенип жүргөн белгилүү IT-адистери тaрабынан иштелип чыккан жана жакынкы айларда онлайн окутуу программасын баштайт.

05.02.2022 «Сегиз сап ыр» конкурсу
BIZ уюмунун алкагында Ак-Бермет Багачиева менен Нурзада Макеева уюштурган «Эгемендүү Кыргызстандын эгемендүү айымдары» деген жолугушууга күбө болдук. Анда дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндө жашаган акын айымдар менен таанышып, акындык өнөр тууралуу кенен баарлаштык, бири-бирибиздин ырларыбызды угуп абдан тамшандык, эргүү алдык. Андан дагы «Сегиз сап ыр» аттуу конкурсунун жыйынтыгын жарыяладык: 24 катышуучунун ичинен үчүнчү орунду Эмилбекова Зубаида, экинчи орунду Рахима Айдарова, ал эми баш байгени Екатеринбург шаарында турган таланттуу жердешибиз Турсунай Калмурат кызы жеңип алды. БИЗ уюмунун атынан бардык катышуучуларга алкыш, талантыңарга таазим жана чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Жолугушууну биздин You-Tube-каналыбыздан көрүп алыңыздар!

07.01.2022 Нурлан Богачиев менен маек
Бул жылдын лекциялар катарын Кыргызстандагы SOS-балдар айылынын жетекчиси Нурбек Богачиев менен баштадык. Нурбек мырза бала-тарбия, ата-эне менен балдардын ортосундагы мамиле жана өспүрүмдөрдүн психологиясы боюнча учурдун мыкты жана белгилүү эксперттеринин бири. Бул жолугушууда ал абдан кызыктуу лекция менен бирге, катышуучулар менен көп ой-пикир алышты. Жолугушууну толугу менен биздин YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.

16.10.2021 BIZ уюмунун ачылыш аземи
2021-жылдын октябрь айында БИЗ уюму ачылыш аземин майрамдады. Алыстан Келген коноктор бул уюмдун максаты, мааниси жана маңызы менен жакындан таанышып, уюмдун артындагы демилгечилер менен пикир алышты. Натыйжада көптөгөн позитивдүү күчтөрдү бириктирген, бир канча долборлорду ийгиликтүү ишке ишырган бир уюмдун иш-аракетин күбө болдук. Ачылыш аземде биз бири-бирибизди көрүп кубандык, сыймыктандык, бири-бирибизге мактоо айттык, сый-урмат көрсөттүк, айтор биз болдук. Ага YouTube каналдагы видео-кабардан, Азаттык радиосу жасаган берүүдөн жана уюмдун жигердүү мүчөсү Залкар Амановдун чакан документалдуу тасмасынан өзүңүздөр күбө боло аласыздар. Салтанаттагы эң кызыктуу көз ирмемдер бул жерде жүктөлгөн.

30.05.2021 Mанас: UNESCO-тизмесине кирген Орто Азиядагы дүйнөлүк маданий мурас
BIZ уюму Punggyeong – Дүйнөлүк маданияттар уюму менен биргеликте «Манас – дүйнөлүк маданий мурас» аттуу кыргыз, немис жана англис тилинде ZOOM аркылуу кече уюштурду. Анда катышуучулар учурдун белгилүү манасчысы Замирбек Баялиевдин Манас айтуусуна күбө болушту. Андан тышкары манасчылык өнөр жана манасчылык жоопкерчилик тууралуу антрополог Хелен Фоллер баяндама жасады. Учурда Бонн шаарында мугалим болуп эмгектенген Зейнура Бирназарова болсо өзүнүн Жусуп Мамайдын «Манасын» которуу долбоорундагы тажрыйбалары менен бөлүштү. Кечени толугу менен YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.

21.04.2021 Виртуалдык Нооруз майрамы
BIZ уюмунун жаштары төкмө-акын Идирис Айтбаевдин катышуусу менен виртуалдык Нооруз майрамын тартуулашты. Махабат Садырбектин ачылыш сөзүнөн: Алас, алас, ал балээден калас! Жакшылыкты теңир берди. Жарык күндү кеңир берди. Жаз менен жадыраган, Жаңы жыл жакын келди! Кулпунуп жер көгөрсүн, Элибиз кутка бөлөнсүн. Ата-журт даңкын арттырган, Уул-кыздар төрөлсүн! Өлкөнү өргө ташыган, Билимдүүлөр көбөйсүн. Алас, алас, ар балээден калас! Терс оң болсун, ак мол болсун, Кайда барсак жол болсун, Кайгы капа жок болсун, Элим журтум ток болсун! Кен болсун элибиздин керегеси, Кетпесин теңир берген берекеси! Адамдын баласына насип болгон, Кут болсун Нооруздун маарекеси. Калганы биздин YouTube Каналда.

08.03.2021 I Aйымдар форуму
8-март аялдардын дүйнөлүк эл-аралык майрамына карата «Айымдардан айымдарга» долбоорунун I Айымдар форуму болду. Форумдун башкы максаттары: Айымдар арасында байланыш түзүү жана келечекте долбоорлорго колдоо көрсөтүү жана биргеликте иш-аракеттерди ишке ашыруу менен кыргыз коомунун өнүгүүсүнө салым кошуу. Форумга Кыргыз Республикасынын мурунку президенти Отунбаева Роза Исаковна, «Роза Отунбаеванына демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси Догдуркүл Кендирбаева, Түркийедеги Анталья шаарында «Айымдар коомунун» жетекчиси Перизат Асаналиева жана Германия менен Швейцариядагы белгилүү активист айымдар катышты. Бул кече толугу менен YouTube каналыбызда сaкталган.

12.12.2021 Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын эскерүү
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган адабий кече онлайн-тартибинде өткөнүнө карабастан, бизге абдан чоң руханий байлык белек кылды. Жазуучу Ирмтрауд Гучке конокко келип, өзүнүн акыркы чыгармасынан үзүндү окуп берди. Акындык өнөрдү аркалап жүргөн Maхабат Садырбек Айтматовдун адабий чыгармаларын жана андагы каармандарды камтыган кыргыз, орус, немис, англис жана түрк тилдеринде жазган ырын окуп, Залкар Аман болсо «Майсалбектин катын» окуп, Гүлбарчын Айтбекова «Илиястын ырын» ырдап, катышуучуларга кубаныч тартуулашты. Адабий кече YouTube каналбызда сакталган.

27.12.2020 Өзүн өзү табуу
Эл аралык деңгээлдеги лайф-коуч Максат Муктаров үч жылдан бери Кытайда адамдардын алдыга койгон мүдөө, максатына оңой жетишине көмөкчү болуп иштейт. Ал коучинг – дүйнөдөгү эң кеңири жайылып жана өнүгүп жаткан тармактардын бири деп эсептейт. Чындыгында эле өнүгүүлөрдүн көбү өзүбүздөн башталып, өзүбүздөн көз каранды. Мен киммин, адам өзүн кантип тааныйт, кантип аныктайт жана өнүктүрөт деген суроолордун тегерегинде биз Максат Муктаров менен ZOOM аркылуу болгон жолугушууда маек куруп, андан суроолорго жооп жана кеп-кеңештерди алдык. Кызыккандар үчүн видео биздин YouTube-Каналыбызда.

30.06.2019 Эл-аралык жайкы фестиваль
BIZ уюмунун негиздөөчүлөрү жана мүчөлөрү Бад Наухайм шаарында болуп өткөн 38-эл аралык фестивальга катышышты. Бул биздин уюм катары биринчи жолу расмий мүнөздө мындай иш-чарага катышуубуз. Аталган шаардын бургемистри жана Кыргыз Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы консулу Данияр Төлөгөнөв биз менен бирге болушту. Бул майрам тууралуу жергиликтүү гезиттин баянын окуңуздар.