BIZ e.V. уюмунун илимий иш-чарасы

«Эмоционалдык интеллект», 30.04.2022

BIZ уюмунун алкагында «Кутман конок» долбоорунун мейманы, Ысык-Көлдөгү SOS – балдар үйүнүн жетекчиси, үй-бүлөөлүк коуч Нурбек Богачиев менен психология жаатындагы бардык маалымат булактарында популярдуу болуп жаткан «Эмоционалдык интеллект» жөнүндө маек болду. 15 адамдын катышуусу менен абдан кызыктуу суроолор берилди, абдан кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүлдү. Оригиналдуу суроолорго чакан белектер тартууланды.

BIZ e.V. уюмунун «Айымдар форуму»

«II Айымдар форуму», 18.04.2022

BIZ уюмунун алкагында Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Отунбаева Роза Исаковнанын катышуусу менен «II Айымдар форуму» болду. Форумду уюштурууда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы ыйгарымдуу элчиси Текебаев Өмүрбек Чиркешович чоң колдоо көрсөттү. Терең баарлашуу жана айрым темаларды талкуулоо максатында жолугушуу чакан чөйрөдө уюумдардын жана долбоорлордун жетекчи айымдарынын катышуусу менен өттү.

BIZ e.V. уюмунун ментордук иш-чарасы

«Аu-Pairден кийинки ыктыярчылык программалар», 17.04.2022

БИЗ уюмунун ментордук командасы акыркы учурда Au-Pair программасынын катышуучуларынын арасында ыктыярчы болуп иштегенге аябай кызыккандар көп болгондуктан «Аu-Pairден кийинки программалар» деген вебинар уюштурду. Анда Айканыш Рыскулова жана Мээрим Кадырбекова вебинардын катышуучуларын Bundesfreiwilligedinst (BFD) жана Freiwilliges Soziales Jahr (FSJ) программалары менен тааныштырып, катышуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти.

BIZ e.V. уюмунун ментордук иш-чарасы

«Жумуш орун издөө жана жумуш орунга ат салышуу», 16.04.2022

БИЗ уюмунун ментордук командасы ар кандай суроо талаптардын негизинде «Жумуш издөө жана жумуш орунга ат салышуу» деген вебинар уюштурду. Вебинардын коногу Акак Сыргак Германиянын Дортмунд шаарында adesso SE компаниясында программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча инженер катары эмгектенет. Бул жолугушууда ал айти тармагында иш издөө жана жумушка орношуу тууралуу айтып берди жана кеп-кеңештер менен бөлүштү.

BIZ e.V. уюмунун ментордук иш-чарасы

«Тил үйрөнүүнүн лайфхактары», 26.03.2022

БИЗ уюмунун ментордук командасы ар кандай суроо талаптардын негизинде «Немис тилин үйрөнүү үчүн тил курстары жана лайфхактар» деген темада семинар өткөрдү. Касиет Асекова менен Жибек Акпаева немис тилин эффективдүү үйрөнүүнүн ыкмалары тууралуу баарлашты жана ар түрлүү маалыматтар, шилтемер менен бөлүштү. Гүлназ Эркинбек кызы болсо бизге банк эсептери тууралуу кененирээк айтып берди.

BIZ e.V. уюмунун спорттук жана маданий иш-чарасы

«Көчмөн кубок» футболу жана Нооруз майрамы, 19.03.2022

БИЗ уюму быйылкы Нооруз майрамына карата Франкфурт на Майне шаарында Көчмө кубок үчүн футболдук турнир жана салтанат кечесин өткөрдү. Күндүз футбол талаасында 20 дан ашык тайпа турнирге катышып, абдан кызыктуу оюн өткөрүштү. Кечинде Кыргызстандын эстрада жылдыздарынын жана алып баруучунун коштоосунда банкет болуп өттү. Футболдук турнирге Германиядан тышкары Чехия, Польша, Литва, Даниядан кыргыз кыз-жигиттер келишти. Ырчыларды чакыруу жана аларды ар кайсыл шаарларда тосуу төрт уюм тарабынан биргеликте уюштурулду.

BIZ e.V. уюмунун ментордук иш-чарасы

«Ийгиликтүү ишке кирүү», 12.03.2022

БИЗ уюмунун менторлук командасы Германиядагы жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктаган студенттер жана кесиптик билим алгандар үчүн «Ийгиликтүү ишке кирүү» деген вебинар уюштурду. Анда инженер-материаловед Канат Ишенбек менен банк кызматкери Мумтозбек Музаффаров өзүлөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Вебинарда жаңы ишке кире турган жана кирген адамдар менен суроо-жооптор жана кеп-кеңештер алмашылды.

BIZ e.V. уюмунун ментордук иш-чарасы

«Үйрөнүүнү үйрөнүү» вебинары, 19.02.2022

БИЗ уюмунун менторлук командасы Германиядагы студенттер жана кесиптик билим алгандар үчүн «Үйрөнүүнү үйрөнүү» деген вебинар уюштурду. Анда дарыгер-диабетолог Асел Сайраан-Дамир жана фармацефт студенти Нуриза Надырбек медициналык тармактагы окуу тууралуу өзүлөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Вебинарда тиешелүү тармакта окуган жана иштеген адамдар менен суроо-жооптор жана кеп-кеңештер алмашылды.

BIZ e.V. уюмунун илимий жана маданий иш-чарасы

«Чырак» долбоору тууралуу маек, 12.02.2022

БИЗ уюму «Чырак» долбоорунун демөөрчүлөрү менен маек курду. Аталган долбоордун максаты – кыз-келиндерге, айымдарга жана апаларга санариптик билим берүү аркылуу алардын экономикалык жана чыгармачылык потенциалын кеңейтүү. Бул долбоор дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндө эмгектенип жүргөн белгилүү IT-адистери тaрабынан иштелип чыккан жана жакынкы айларда онлайн окутуу программасын баштайт.

BIZ e.V. уюмунун адабий иш-чарасы

«Сегиз сап ыр», 07.02.2022

БИЗ уюмунун «Эгемендүү Кыргызстандын эгемендүү айымдары» долбоорунун алкагында дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндө жашаган акын айымдар менен таанышып, акындык өнөр тууралуу кенен баарлаштык, бири-бирибиздин ырларыбызды угуп абдан тамшандык, эргүү алдык. Андан дагы «Сегиз сап ыр» аттуу конкурсунун жыйынтыгын жарыяладык: 24 катышуучунун ичинен үчүнчү орунду Эмилбекова Зубаида, экинчи орунду Рахима Айдарова, ал эми баш байгени Турсунай Калмурат кызы жеңип алды. BIZ уюмунун атынан бардык катышуучуларга алкыш, талантыңарга таазим жана чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Жолугушууну биздин You-Tube-каналыбыздан көрүп алыңыздар!

BIZ e.V. уюмунун илимий иш-чарасы

Нурбек Богачиев менен жолугушуу, 07.01.2022

Бул жылдын лекциялар катарын Кыргызстандагы SOS-балдар айылынын жетекчиси Нурбек Богачиев менен баштадык. Нурбек мырза бала-тарбия, ата-эне менен балдардын ортосундагы мамиле жана өспүрүмдөрдүн психологиясы боюнча учурдун мыкты жана белгилүү эксперттеринин бири. Бул жолугушууда ал абдан кызыктуу лекция менен бирге, катышуучулар менен көп ой-пикир алышты. Жолугушууну толугу менен биздин YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.

BIZ e.V. уюмунун маданий иш-чарасы

 BIZ уюмунун ачылыш аземи, 16.10.2021

2021-жылдын октябрь айында БИЗ уюму ачылыш аземин майрамдады. Алыстан Келген Коноктор бул уюмдун Максаты, Маниси жана маңызы менен жакындан Таанышышып, Уюмдун Артындагы Демилгечилер Менен Пикир Алышты. Натайжада көптөгөн Позитивдүү күчтөрдүвдүйлорген, бир канча долборлорду ийгиликтүү ишке ишырган бир уюмдун иш-аракетин күбө болдук. Ачылыш Аземде Биз Бири-бирибизди Көрүп Кубандык, соймыктандык, Бири-бирибизге Мактоо Айттык, сый-урмат көрсөттүк, Айтор Биз Болдук . Ага YouTube каналдагы видео-кабардан, Азаттык радиосу жасаган берүүдөн жана уюмдун жигердүү мүчөсү Залкар Амановдун чакан документлдуу тасмасынан өзүңүздөр күбө боло аласыздар. Салтанаттагы эң кызыктуу көз ирмемдер бул жерде жүктөлгөн.

BIZ e.V. уюмунун маданий иш-чарасы

Манас: UNESCO тизмесине кирген Орто Азиядагы дүйнөлүк маданий мурас, 30.05.2021

BIS eV уюму “Punggyeong Дүйнөлүк маданиттар” уюму менен биргеликте “Манас – дүйнөлүк маданий мурас” аттуу кыргыз, немис жана англис тилинде ZOOM аркылуу кече уюштурду. Анда катышуучулар учурдун белгилүү манасчысы Замирбек Баялиевдин манас айтуусуна күбө болушту. Андан тышкары манасчылык өнөр жана манасчылык жоопкерчилик тууралуу антрополог Хелен Фоллер лекция жасады. Учурда Бонндо Мугалим болуп эмгектенген Зейнура бирназарова болсо өзүнүн жусуп мамайдын «Манасын» Которуу долбоорундагы тажрыйбалары менен бөлүштүн. Кечени толугу менен YouTube регулярнобыздан көр аласыздар.

BIZ e.V. уюмунун маданий иш-чарасы

NooruzPoster

Wir feiern virtuelles Nooruz-Fest, 21.04.2021

Биз Уюмунун Астында Бириккен жаш Канаттын жаштары төкмө-Акын идирис Айтбаевдин катышуусусуунен Бизге Абдан сонун нооруз майрамын тартуулашты. Махабат Садырбектин ачылыш сөзүнөн: Увы, увы, ал балээден калас! Жакшылыкты теңир берди. Жарык күндү кеңир берди. Жаз менен жадыраган, Жаңы жыл жакын келди! Кулпунп жер көгөрсүн, Элибиз кутка бөлөнсүн. Ата-журт даңкын арттырган, Уул-кыздар төрөлсүн! Өлкөнү өргө ташыган, Билимдүүлөр көбөйсүн. Увы, увы, ар балээден калас! Терс оң болсун, ак мол болсун, Кайда барсак жол болсун, Кайгы капа жок болсун, Элим журтум ток болсун! Кен болсун элибиздин керегеси, Кетпесин теңир берген берекеси! Адамдын баласына насип болгон
Кут болсун Нооруздун маарекеси. Калганы биздин YouTube Каналда .

BIZ e.V. уюмунун майрамдык иш-чарасы

Frauenforum, 08.03.2021

8-март аялдардын дүйнөлүк эл-аралык майрамына карата « Айымдардан айымдарга » долбоорунун биринчи «Айымдар форунун Бул долбоордун дагы, форум дагы башкы максаттары: Айымдар арасында байланыш түзүү жана келечекте долбоорлорго колдоо көрсөтүү жана биргеликте иш-аракеттерди ишке ашыруу менен кыргыз коомунун өнүгү сүсүнү Жолугушууга Кыргыз Республикасынын мурунка президенти Отунбаева Роза Исаковна, “Роза Отунбаеванына демилгеси” коомдук фондунуной жетекчись Догдургүла Кендирбаев, Түркиедег Антальи шаарында “Айымдар коомунун” жан жетекчись негиздөөчүсү Перизат Асаналиев жан Германия менен Швейцариядагы белгилүү айымдар катышты активист . Бул кече толугу менен YouTube регулярнобызда sactalgan.

BIZ e.V. уюмунун адабий иш-чарасы

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын эскерүү, 12.12.2021

Залкар Ж азуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 92. туулган күнүнө карата уюштурулган адабий кече онлайн-тартибинде өткөнүнө карабастан, бизге абдан чоң руханий байк белек кылды. Жазуучу Ирмтрауд Гучке конокко келип, өзүнүн акыркы чыгармасынан үзүндү окуп берди. Айтматовдун адабия чыгармаларын жан андагы каармандарг акындык өнөрдү аркалап жүргөн Maхабат Садырбек кыргыз, орус, немис, англис жана түрк тилдеринде жазган ырын окуп, Залкар амана болсо “Майсалбектин катын” окуп, Гүлбарчын Акбеки “Илиястын ырына” ырдап, катышуучуларг ая дагы, кубановичи дагы тартуулашты . Адабий кече YouTube каналбызда сакталган.

BIZ e.V. уюмунун агартуу иш-чарасы

«Wer bin ich?», 26.12.2020

Эл аралык деңгээлдеги лайф-коуч Максат Муктаров үч жылдан бери Кытайда адамдардын алдыга койгон мүдөө, максатына оңой жетишине көмөкчү болуп иштейт. Ал коучинг – дүйнөдөгү эң кеңири жайылып жана өнүгүп жаткан тармактардын бири деп эсептейт. Чындыгында эле өнүгүүлөрдүн көбү өзүбүздөн башталып, өзүбүздөн көз каранды. Мен киммин, адам өзүн кантип тааныйт, кантип аныктайт жана өнүктүрөт деген суроолордун тегерегинде биз Максат Муктаров менен ZOOM аркылуу болгон жолугушууда маек куруп, андан суроолорго жооп жана кеп-кеңештерди алдык. Кызыккандар үчүн видео биздин YouTube-Каналыбызда.

BIZ e.V. уюмунун интеграциялык иш-чарасы

Эл-аралык фестиваль, 30.06.2019

БИЗ уюмунун негиздөөчүлөрү жана мүчөлөрү Бад Наухайм шаарында болуп өткөн 38-эл аралык фестивальга катышышты. Бул биздин уюм катары биринчи жолу расмий мүнөздө мындай иш-чарага катышуубуз. Аталган шаардын бургемистри жана Кыргыз Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы консулу Данияр Төлөгөнөв биз менен бирге болушту. Бул майрам тууралуу жергиликтүү гезиттин баянын окуңуздар.