«Чырак» долбоорууна колдоо акциясы
Башталышы: 01.01.2022
Долбоордун жетекчилери: Др. Махабат Садырбек, Асел Сайраан-Дамир, Азамат Токтакунов
Долбоор ишке ашчу жер: Кыргызстан
Долбоор тууралуу: БИЗ уюму Кыргызстандагы «Чырак» долбоорууна көмөк көрсөтүүнү максат кылат. Бул долбоор кыз-келиндерге санариптик билим берүү үчүн дүйнөнүн чар тарабындагы кыргызстандык IT-адистери тарабынан иштелип чыккан. Биздин уюм бул долбоор үчүн декабрь айында баштапкы каражатты чогултуудагы IT Classica аттуу кайрымдуулук концертине көмөк көрсөткөн: Швейцариядан БИЗ уюмунун өнөктөшү«Кыргызстанга көпүрө» менен биргеликте чогулган каражатка Орловкадагы балдар үйүнүн 22 тургунун, Петровскийдеги психоневрологиялык санаторийдин 15 бейтабын жана 5тей тарбиячыны автобус менен концертке алып келип, кайра жеткирүү мүмкүнчүлүгүн түзүшкөн.
Чырак долбоорундагы окуу курсу 3 айдан 5 айга созулат жана катышуучуларга информатиканын негизгин, программалоонун жана код жазуунун башкы тилдерин үйрөтүүнү максат кылат. Миңдеген жаштарга үлгү болгон, кыргыздын белгилүү айтишниктери бул курска ментор катары кызмат кылышат. Бул долбоорго 3000 ден 5000ге чейин кыз-келиндер катыша алат. Алар ар кандай жашоо шартында жашагандыктан, мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары чектелүү болгондуктан, аларга материалдык жардам керек. Ошондуктан урматтуу чет жерлерде, айрыкча Европа өлкөлөрүндө жашап жана иштеп жүргөн жердештер, силер бул жердеги техникалык жабдуулардын стандартын, аларды белгилүү бир мөөнөттө жаңылануусун жана алардын таштандыга кеткендеги чыгашасы тууралуу кабардарсыңар. Эгерде өзүңөр эмгектенген институттарда, мекемелерде жана компанияларда колдонулган нотбуктарды алуу мүмкүнчүлүгүн байкасаңар жана аларга кайрылуу жасагыңар келсе, биз силерге көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Силерден өтүнүч: кыргызстандагы жердештерибиз жана алардын келечеги үчүн ушундай учурлардан пайдаланып, болгон аракетибизди жумшасак. Бир кезде «Бир адамдан бир дивайс» деп башталган демилгени эми «Чырак» билим берүү программасы үчүн улантсак жана бул долбоорго ар тараптан көмөк көрсөтсөк. Долбоордун жетекчилери тиешелүү расмий кагаз-документтерди берүүгө даяр. Биз жиберген ноутбуктар менен миңдеген жердештер билим алып, долбоорлорду аткарып, өздөрүнө жаңы ноутбук сатып алып, артканын кийинкилерге бергенге макул. Эгерде бул долбоорду каражат менен колдогуңар келсе, анда аны „BIZ e.V.“ уюмунун PayPalдогу жана банктагы эсеп дареги аркылуу ишке ашырсаңар болот. Биз уюмдун атынан дагы кайрылууларды жасайбыз, силердин каражат биз тапкан нотбуктарды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн сарпталат. Биз силердин колдооңорго, тилектештигиңерге жана билим алдында биригип, билим менен өнүгүү максатыңарга терең ишенебиз.