Баткендеги «Айымдар үчүн футбол турнири»
Долбоордун мөөнөтү: Ар жыл сайын жайында
Долбоордун жетекчиси: Газбүбү Бабаярова
Долбоор ишке ашчу жер: Баткен (Кыргызстан)
Долбоор тууралуу: Газбүбү Бабаярова – Чехиянын Прага шаарында жашаган көрүнүктүү активисттердин бири. Ал көптөгөн жылдардан бери өзүнүн туулуп-өскөн Баткендеги Көк-Таш айылына өз демилгеси менен ар кандай таризде жардам берип келет. Ал жыл сайын үй-бүлөөсү менен кичи мекенине каттаган сайын айылындагы мектеп жана бала-бакча үчүн финансылык жана материалдык жардамдарды чогулта кетүү менен бирге аялдардын ортосунда футбол турнирин уюштурат. БИЗ уюму Газбүбүнүн демилгелерине акчалай жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп келет. Мисалы, 2022-жылдын август айындагы футболдун жеңүүчүлөрү үчүн Гази айымга уюмдун казнасынан 200 Евро жана жергиликтүү журналисттер үчүн атайын техникалык аспаптар алынып берилген.